Эртең, 5-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18 градус,
Талас аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17 даража болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18ге чейин жылуу болот.
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз +4…+9.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.