Биз социалдык тармакта

Ошто мыйзамсыз курулган тамактануучу жайдын бир бөлүгү буздурулду

Мамлекеттик курулуш агенттиги Ош мэриясы менен биргеликте шаар аймагындагы курулуш объектилерин иретке келтирүү боюнча биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ленин көчөсү менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Атабек” кафесине кошумча курулган курулуш боюнча жергиликтүү бийликтин жана Мамкурулуштун кызматкерлери жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Кошумча курулушту өз эрки менен бузуп, жер тилкени баштапкы калыбына келтирүү боюнча объект ээсине талаптар коюлган.

Коюлган талапты кафенин ээси кабыл алып, өз билемдик менен курулган кошумча курулманы бузуп, жалпы пайдалануудагы жерди бошотту",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан