Криштиану Роналду Тажикстанда: Ал күйөрмандарын нааразы кылды

Португалиялык атактуу футболчу Криштиану Роналду ойногон Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубу Тажикстандын борборуна жергиликтүү "Истиклол" менен беттешүүгө келбей, аны күткөн күйөрмандарын нааразы кылды.

"Аль-Наср" АФКнын Чемпиондор Лигасынын 6-турунун алкагындагы оюнду өткөрүү үчүн Дүйшөмбү шаарына келди. Күйөрмандар дүйнөдөгү эң атактуу оюнчулардын бири менен жолугушууну күтүшкөн, бирок алар жагымсыз кабар алышты.

Тагыраагы, Роналду команда менен чогуу Дүйшөмбү шаарына келген эмес. Ал "Персеполис" менен болгон беттеште алган жаракатынан кийин бул оюнга катышпайт.

Бирок тажикстандык күйөрмандар жылдыз футболчунун аэропорттон чыгышына акырына чейин ишенишкен. Дүйшөмбү аэропортунда "Аль-Насрды" Криштиану Роналдунун формасын кийген жүздөгөн күйөрмандар тосуп алышты. Алар Роналду жок экенин билгенден кийин капа болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-12-05 14:00:00
Азаматсың Роналду, жайлаптырсың тэжилерди ;)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан