Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы А.Калыбаев атындагы 225 окуу орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттин курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен курулду.
"Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 2517 чарчы метрди түзөт",-деп айтылат маалыматта.