Тышкы иштер министрлиги Орусиядан коңшу Казакстан аркылуу мекенине келе турган кыргызстандыктарга жолго чыкпай турууну сунуштады.
"5-декабрдан тартып Казакстандын бардык аймагында туман жана катуу шамал менен коштолгон кескин суук күтүлүп жатканына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Орусиядан Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен жерде жүрүүчү транспорт менен кайтып келүүнү пландап жаткан Кыргыз жарандарына жолго чыгуудан баш тартууну сунуштайт.
Министрлик жарандарга сапарларын Казакстандын аймагында жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан аба ырайынын шарттарын эске алуу менен пландаштырууну сунуштайт", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.