Бишкекте 16 жаштагы бала каракчылыкка шектелип кармалганын бүгүн, 5-декабрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-августта милицияга М.А. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Арыз ээси анын жашы жете элек баласын коркутуп, 38 миң сом турган IPhone 11 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 5600 сом суммасындагы акча каражатын алып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2007-жылы туулган С.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.