Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордой" базарына барды.
Мамлекет башчысы ККМ колдонууга каршы болуп митингге чыгып жаткан соодагерлер менен жолугуп, талаптарын угууда.
Белгилей кетсек, 29-ноябрдан бери өлкөдөгү базарларда көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга каршы митингдер өтүп жатат.