Биз социалдык тармакта

"Акысыз дарылашат". Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катардан дарыгерлер келет  

Эртең, 6-декабрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катар мамлекетинен профессор Абдулсалам Аль Кахтани жетектеген хирургдар тобу келет. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кол коюлган меморандумга ылайык, Катар мамлекетинин өкмөтүнүн атынан Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги бардык финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, хирургиялык операцияларды, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирург дарыгерин жана медициналык жардамчы персоналды окутууну өзүнө алат.

Ошондой эле алар операциядан кийин балдардын эки жылдык реабилитациясын каржылашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан