Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз иштеп келген сойкуканалар аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ал жерде ички иштер органдарынын айрым кызматкерлеринин колдоосу астында интимдик кызмат көрсөтүлүп келгендиги аныкталган.
"ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Б.Н.Д. Жалал-Абад облусунун ИИБнын айылдык милиция бөлүмүнүн жетекчилеринин бири, милициянын майору Д.А. менен бирге сойкуканалардын ишмердигине колдоо көрсөтүү боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштуруп, ал үчүн ай сайын акчалай сый акы алып турушкан", - деп билдиришти УКМКдан.
Жалал-Абад облусунда жалпысынан 30га жакын ижарага алынган батирлер, 2 сауна, 5 мейманканалар интимдик кызмат көрсөткөн.
Бул ишке кыздар республиканын ар кайсы аймактарынан, анын ичинде коңшу мамлекеттерден да тартылып турган.
Учурда облустун аймагындагы сойкуканаларды колдоо боюнча башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу такталууда.