Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарга шашылыш түрдө кайрылды

9-11-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Чүйдө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…8°, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8°, күндүз -2…+3°, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° болот.
Ал эми тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° болсо, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт
Ошондой эле жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан