
Бишкекте мэрдин орун басары
Максатбек Сазыкуловдун жетекчилиги алдында тыгындарды жоюу боюнча рейд уланып жатканын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-декабрда аталган рейд "Дордой" базарынын жанында жүрүп, анда бардык стихиялуу унаа токтотуучу жайлар жоюлган.
"Алынган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматына 1250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөшү керек", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда 50дөн ашык унаа убактылуу кармоочу жайда турат.