Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалганын Ленин РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-октябрда М.Ч. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арыздануучу чала таанышы 4 даана тигүүчү машинасын 124000 сомго сатып алам деген убада менен алып кеткенин, бирок үчүнчү тарапка 49000 сомго сатып качып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.Ф. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.