Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 26 жаштагы кыз кармалды

Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 26 жаштагы кыз аныкталганын бүгүн, 5-декабрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде интернет аркылуу сойкулук менен алектенип жүргөн кыз тууралуу маалымат алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун тургуну 1997-жылы туулган М.А. аттуу жаран сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан