Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта кыргызстандыктар 4-декабрда Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен чыгарылганы айтылат.
"Кыргыз тарап Газа тилкесинен Кыргыз жарандарын ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн бардык тараптарга ыраазычылык билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин ноябрдын аягында Газа секторунан Кыргызстандын эки жараны эвакуацияланган болчу.