Оштун Кара-Суу районунда 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштун маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, жаңы билим уясы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында жайгашкан.
Объекттин курулушу 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.
Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга даяр.
"Мектеп 2 кабаттуу имараттан түзүлүп, спорттук зал, өтмөк галерея, откана, көмүр сактоочу жай, даараткана, өрт өчүрүүчү резервуар, септик каралган", - деп айтылат билдирүүдө.