Бишкекте сойкулукка көмөктөшүүгө шектүү катары 20 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүгө шектүү жаран кармалганын бүгүн, 6-декабрда Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-декабрда милиция тарабынан "Притон-Бабочка" аталышындагы рейд өткөрүлүп, көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн жай аныкталган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 2 бөлүгүнө (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү, ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса) ылайык кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Ч.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Басма-сөз кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан