Лионель Месси жылдын спортчусу болду

Атактуу аргентиналык футболчу Лионель Месси Time журналынын версиясы боюнча жылдын спортчусу болду.

Басылма 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Аргентина курамасынын жеңишинде Мессинин ролун белгилеп, ошондой эле жылдыз футболчунун Америкага келиши АКШда футболдун популярдуулугун олуттуу жогорулатууга себеп болгонун баса белгилеген.

Ошондой эле анын "Алтын топту" утушу дагы жылдын спортчусу болууга салымын кошкон.

Месси 36 жашта, форвард буга чейин франциялык "ПСЖда" ойногон (2021-2023), 2003-жылдан 2021-жылга чейин испаниялык "Барселонада" ойноп, гол жана ассисттердин саны боюнча клуб рекордун койгон. Аргентина курама командасы менен бирге чабуулчу 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан