Биз социалдык тармакта

Бишкекте Ленин районунун акими "Ош базарындагы" ККМге каршы чыккан ишкерлер менен жолукту

Бишкекте Ленин районунун акими "Ош базарындагы" ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, акимдин биринчи орун басары Бакыт Караев жана МСКБнын Ленин району боюнча башчысы Ален Турдумбетов ККМ аппараттарын милдеттүү түрдө колдонууга каршы чыккан жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Район башчысы "Ош базары" СБКнын ишкерлеринин сунуштарын угуп, ошондой эле контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, соодагерлер мамлекеттин салык саясатынын жаңы шарттарына каршы чыгып, алар үчүн мурдагы патенттик системаны калтырууну талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан