Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө жаңы кичи район курулат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи район курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, токтом министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Мындай чечим жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

"Жаңы кичи районду курууга мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 35 гектар жерди өткөрүп берүү тапшырылып, анын ичинен Чолпон-Ата шаарынын мэриясына 34 гектар жер, ал эми анын 1 гектары Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөттүн маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын жеке турак жай курууга арыз берген тургундарынын саны 3 миңден ашат. Учурда ал жерге көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан