Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун жана май таратылат"

2024-жылы өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1215 тонна ун жана 112,9 тонна өсүмдүк майы таратылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бүгүн, 6-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, бул долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен министрлик тарабынан ишке ашырылууда.

Ошондой эле ушул жылдын 1-декабрына карата өлкө аймагында мындай 444 долбоор ишке ашырылган. Долбоорлордун негизинде 10839 аз камсыз болгон үй-бүлөгө же 56919 адамга 3037 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан