Бишкекте уурулукка шектелип 26 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалганын бүгүн, 6-декабрда Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда И.Ж. аттуу жаран арызы менен кайрылып, белгисиз адам эмерек кампасына жашыруун түрдө кирип, мүлкүн уурдап кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган О.Т. жаран кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан