Адилет Нурматов "Brave GF" уюмундагы алгачкы беттешин жеңиш менен аяктады. Турнир кечээ, 5-декабрда Бахрейнде болуп өттү.
Экинчи айлампанын 6-секундунда казакстандык атаандашы Николай Самсуев колунан жаракат алып, мелдешти уланта албай калды. Жыйынтыгында Нурматов 13-2 эсебинде жеңишке жетти.