Денеге оор жаракат келтирген делип 18 жаштагы жигит кармалды

Денеге оор залал келтирүү боюнча издөөдө жүргөн шектүү кармалганын бүгүн, 6-декабрда Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-июлунда Д.Д. аттуу жаран арыз менен милицияга кайрылган. Жабырлануучу болжол менен түнкү саат 2:30 чамасында белгисиз адам денесине оор залал келтирип, качып кеткенин айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Денеге оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 2005-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан