Бишкектеги "Wok Iagman" тез татым жайында массалык уулануу катталганын бүгүн, 6-декабрда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, 4-декабрда түнкү саат экиде адамдарда уулануунун алгачкы белгилери байкалган. Жалпы беш адам жабыркап, медициналык жардам көрсөтүлгөн.