Биз социалдык тармакта

Бейшембиге карата аба ырайы

Эртең, 7-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6 даража,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15 даражага чейин жылыйт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнү жана эртең менен жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +4…+6 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан