Биз социалдык тармакта

Искусство университети аспирантурага кабыл алуу жарыялады

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети “Музыкалык искусство”, “Маданияттын тарыхы жана теориясы” адистиктери боюнча аспирантурага кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөндөгү документтер талап кылынат:

- Арыз;
- Өздүк баракча;
- Өмүр баян;
- Мүнөздөмө (жолдомо);
- Сүрөт (3х4) 3 даана;
- ЖОЖду бүткөндүгү тууралуу дипломдун көчүрмөсү, (нотариустан тастыкталган);
- Илимий изилдөө иштери боюнча маалымат;
- Илимий жетекчисинин макулдугу жана кафедра отурумунун протоколунун көчүрмөсү;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Паспортунун көчүрмөсү;
- Бардык иш кагаздар пластикалык дискте берилет (флешка).

"Документтер 2023-жылдын 11-декабрынан 22-декабрына чейин кабыл алынат.

Биздин дарек: Бишкек шаары, К.Жантөшев көчөсү 113. Байланыш телефондор: Аспирантура бөлүмү: 51- 08-36 , 0708 71-59-03",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган окуу жайда аспирантура бөлүмү болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан