Биз социалдык тармакта

Депутат "Дордой" тарапта көмүр саткандарга чара көрүү керектигин айтты

Бишкектеги айланма жолдо көмүр саткандар жол тыгынына себепкер болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов айтты.

Ал шаардагы жол тыгыны боюнча маселени көтөрүп, жолдорду тазалоо керектигин айтты.

"Дордойдон аэропортко, Кантка карай кеткен жолдо дагы эки саат жол тыгыны турат. Ошол жердеги жолду көмүр базар, жыгач базар кылып алгандарды тазалап, жолду ачпайсыздарбы деп тапшырма бергем, ал аткарылбай турат.

"Дордойду" көмүр базар кылып алгандарды алып коюш кыйынбы? Жолду базар кылып алгандарды ким карайт?", - деди Шайлообек Атазов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан