Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Орто-Сай" базарында ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев салык кызматкерлери менен биргеликте "Кызыл-Ордо" жана "Орто-Сай" базарларындагы ишкерлерге кассалык аппараттарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен иштөөнүн артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтык буклеттер таратылды.

Мындан тышкары ишкерлерге кеңеш берүү үчүн базарлардын аймагынан салык кызматынын кызматкерлери үчүн атайын жумуш ордун берүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Октябрь районунун базарларында 960 адам ишкерлик менен алектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан