"Батир алууга жардам берем деп 12 миң доллар алган". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалганын бүгүн, 7-декабрда Биринчи Май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-мартта Ж.У. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Арыз ээси Бишкек шаарынан 60 миң доллар турган батирди сатып алууга жардам берем деген шылтоо менен 12 миң долларын алып, кайтарбай качып жүргөнүн айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык (Алдамчылык) кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 1986-жылы туулган А.Т. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан