"Борода, Мики боксёр, Короб..". Чүйдө бир нече адам "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартты (тизме)

Бүгүн, 7-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун аймагында жашаган, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катары катталган жарандар менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрдү.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү кылмыштуу топтун 10 мүчөсү менен болуп, алар “уурулардын идеяларынан жана түшүнүктөрүнөн” баш тартышкан.

1. Исхаков Израиль Мавладинович (Борода) 05.04.1970-жылы Чүй облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Арал айылы, А.Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

2. Хутаев Мирза Газимагомедович (Мирза) 02.03.1978-жылы Чүй облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Восточный айылы, А.Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

3. Койчалиев Адилет Баатырканович (Короб) 17.01.1988-жылы Нарын облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Шопоков шаары, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

4. Кульгелдиев Өмүрбек Каримович (Омка) 09.04.1987-жылы Чүй облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Шалта айылы, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

5. 5. Нусупов Нургазы Калабаевич (Ипи) 1973-жылдын 6-декабрында Талас облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук айылы, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү жана классташы;

6. Рысалиев Рустам Жумабекович (Чумик) 03.03.1982-жылы Чүй облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Шопоков шаары, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

7. Шаршенбаев Нурбек Мухамедович (Бапай, Дан-Дан) 1982-жылы 30-январда Чүй облусунда туулган, жашаган дареги: Бишкек шаары, Асанбай кичи району, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

8. Апышов Бакытбек Шаймааранович (Баха Точка) 1975-жылдын 27-сентябрында Нарын облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Новопавловка айылы, Тынчтык конушунун, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

9. Борубаев Мирлан Зарылбекович (Мики боксер) Россия Федерациясы, Москва шаарында 08.05.1969-ж.т., жашаган дареги: Сокулук айылы, Калинина көч., К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

10. Омуракунов Зыпар Карыпбекович (Зыпа) 03.03.1981-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, жашаган дареги: Сокулук району, Шалта айылы, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү;

Учурда мамлекеттик кызмат адамдарынын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен болгон байланыштарын жана уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнүн жер алдамчылыктарына катыштыгын аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан