Бишкекте “ИФА” компаниясынын санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгаруучу жаңы өндүрүштүк ишкана ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган заводду ачууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “ИФА” ЖЧК ортосунда 3,2 миллион долларга келишим түзүлгөн. Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон.
Анын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Акылбек Жапаров акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 3,4 миллион долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келгенин билдирди.