Биз социалдык тармакта

Ошто Өзбекстандын консулдугу ачылды

Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында Өзбекстандын Конституциясынын күнүнө карата Өзбекстандын Башкы консулдугунун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов жана Ош шаарындагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, консулдук Өзбекстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өлкөдөгү өзбек жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан