Ош. Шаарда "Рубик кубигин" чогултуу боюнча мелдеш өттү

14-декабрда Ош шаарында алгач ирет окуучулар арасында "Рубик кубигин" тез чогултуу боюнча шаардык чемпионат болуп өттү. Иш-чарага жүздөн ашуун окуучулар катышты. Мелдештин жыйынтыгында шаардагы Макаренко орто мектебинин окуучусу Файзулло Рахманбердиев аталган кубикти 38 секундда чогултуп, жеңишке жетишкен. 

Аталган мелдеш “Youth of Osh” коомдук бирикмеси тарабынан “Сорос -Кыргызстан” фондунун каржылоосунда ишке ашырылды. Мелдешти уюштуруунун максаты - жаштар арасында "Рубик кубигин" өнүктүрүү жана окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан