Аксы районунда 17 жаштагы өспүрүмдү 16 жашар мектеп окуучусу бычактап, ал каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 7-декабрда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-декабрда Аксы РИИБине 2006-жылы туулган бала бычактан алган жараатынан улам каза болуп калгандыгы тууралуу билдирүү келген.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну 2007-жылы туулган М.И. аттуу мектеп окуучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.