Биз социалдык тармакта

Жума күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 8-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6 градус,

Талас аймагында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6 даража болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11ге чейин жетет.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +0…+5.

Ал эми борбор калаа Бишкекте кечке маал жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+1, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан