Коңшу мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз бодо мал алып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тарабынан республиканын аймагындагы аткезчилик ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Талас облусунун аймагында коңшу мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келинген бодо малдар аныкталган.
"6-декабрда Талас районунун чек ара тилкесиндеги Көпүрө-Базар айылынын “Агышай” жергесинде УКМКнын кызматкерлери тарабынан Т.Т.А. аттуу кыргыз жаранынын 72 баш бодо малды (музоо, уй) Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда бул материал боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзамга ылайык чараларды көрүү боюнча тергөө амалдары башталды.