Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалганын бүгүн, 8-декбрда Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-декабрда милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында мечиттен 16 миң сом турган Huawei маркасындагы уюлдук телефонун уурдатканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Т.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган жаран уурдаган телефонду өз ыктыяры менен кайтарып берди.