Бразилиялык дарбазачы футзал боюнча улуттук курамага кошулду

Бразилиялык дарбазачы, учурда Бишкектин "Фарватер" командасында ойногон Филлипе де Соуза футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасына чакырылды.

Жалал-Абадда өтө турган окуу-машыгуу жыйынана башкы машыктыруучу Луис Молина жалпы 20 талаа оюнчу жана 4 дарбазачыны чакырган. Дарбазачылардын арасында бразилиялык Филипе де Соуза дагы бар.

Жыйын 9-декабрдан 19-декабрга чейин болот. Бул жыйын 2024-жылы апрелде Таиландда өтө турган Азия Кубогуна даярдыктын баштапкы этабы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан