Валерий Кичин Кыргызстандын футбол курама командасына кайтып келди

Коргоочу Валерий Кичин Кыргызстандын футбол курама командасына кайтып келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда капитан менен башка футболчулар Ысык-Көлдө машыгып, Азия кубогуна даярданып баштады.
Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Ата мекендик команда Оман, Сауд Арабия жана Таиланддын курамалары менен F тобунда беттешет.
"Декабрдын орто ченинде команда БАЭге, андан соң Катарга барат. Бул мамлекеттерде Азия кубогуна даярдыктар уланат", - деп айтылат КФСдин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, Валерий Кичин буга чейин курама команданын капитаны болгон. Ал дүйнө биринчилигине тандоо оюндарына катышуудан баш тарткан. Бул оюндарда Кыргызстандын курама командасы Малайзиянын футболчуларына 3:4 эсебинде жеңилсе, Омандын оюнчуларын 1:0 эсебинде утушкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar
2023-12-09 06:40:00
Буга чейн баш тарткан болсо азыр к*туно кирип кет ф*шист деп жонотуп жибериш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан