
Чоң-Алайда соодагерлерге контролдук кассалык аппараттарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
7-декабрь күнү Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун борбордук базарында соода түйүндөрүн иштеткен жарандар менен Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын, Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн, Чоң-Алай райондук прокуратурасынын жана Салык кызматынын жетекчилиги жолугушуу өткөрүшкөн.
Анда соодагерлердин контролдук кассалык аппараттарды колдонуусу тууралуу маселе каралды.
Жыйында соодагерлер тарабынан контролдук кассалык аппараттарды колдонуу боюнча суроолор берилип, аталган жетекчилер тарабынан жооптор берилди.