
Бишкектин Тунгуч кичи районунда жайгашкан "Сармерден" кафесине 17 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Буга чейин социалдык тармакта "Сармерден" ("Чоно Трейд" ЖЧК) ресторанынын өкүлдөрү тамак-аш калдыктарын канализацияга төгүп жаткан видео тасма жарыяланган.
Кечээ, 9-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери "Бишкексууканал" ишканасы менен биргеликте кайрылууну жеринде карашты.
№6 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан аталган кафенин ээсине 17 миң сомго кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесине ылайык протокол түзүлдү.