Бишкектеги "Баткен-Комфорт" базарында өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз жыйымдар, курулуш нормаларын бузуу жана салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, “Баткен-Комфорт” (“Реконс” ЖЧКсы) курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган.
Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулкан базардын жетекчилери менен эсепчи-кассири кармалган.
"Чогулган акчалар жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзөт. Ошол эле учурда, ижара келишимдеринин шарттарына ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген. Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги салыктарды төлөөдөн качкан, ошондой эле ижарачылардан өндүрүлгөн каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп, соодагерлерге жана базардын кызматкерлерине тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берген эмес. Мындан тышкары, 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33 пайызга жогорулаткан. Ошондой эле, архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган", - депе билдиришти УКМКдан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде төмөндөгүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
1. 1963-жылы туулган Ш.М.А., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары.
2. 1977-жылы туулган Т.Б.Б., “Реконс” ЖЧКсынын башкы директору.
3. 1958-жылы туулган С.О.Н., “Реконс” ЖЧКсынын кассир-бухгалтери.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бул “Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев.