Бишкекте №226 автобус каттамынын схемасы өзгөртүлдү. Мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынганын мэриядан бүгүн, 11-декабрда билдиришти.
Эми автобус Медеров көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө, андан ары Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Токомбаев көчөсүнө жана Асанбай кичи районуна чейин барат.
Белгилей кетсек, аталган чара Жукеев-Пудовкин көчөсүндө коомдук транспортту ишке киргизүү боюнча №7 жана 8-кичи райондорунун тургундарынын бир нече жолку өтүнүчүнөн улам, ошондой эле Юнусалиев көчөсүн тыгындан бошотууга байланыштуу кабыл алынган.