Мамлекеттик салык кызматынын буга чейин “Дордой” базарында салык чогултууга жооптуу болгон 5 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын билдирүүсүндө мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан уюштурулган салык төлөөдөн качуунун коррупциялык схемасы аныкталганын билдирди.
"Мамлекеттик салык кызматынын “Дордой” соода-базар комплексинин аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары тарабынан жеке баюу максатында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүү менен коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталды. Бул коррупциялык схема 5-6 жыл туруктуу туруп, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган", - деп билдиришти УКМКдан.
Маалымат катары: “Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары бар, ал эми салык 400 гана ишкерден түшүп турган. Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкерин жоопкерчиликке тартууга жетиштүү далилдер алынган.
Жыйынтыгында Салык кызматынын М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К. аттуу кызмат адамдары жана Салык кызматынын азыркы жетекчилеринин бири А.А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.