Бишкекте каракчылыкка шектелип 26 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте каракчылык боюнча шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-июнда милицияга Р.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу ошол эле күнү болжол менен саат 21:00 чамасында белгисиз адамдар күч колдонуп кара түстөгү сумкасын тартып алышканын айткан. Сумканын ичинде 150 миң сом акчасы бар болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган И.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан