"Англияга виза алууга жардам берем". Караколдо алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Караколдо алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, ноябрь айынын башында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 54 жаштагы тургуну кайрылган. Арыз ээси белгисиз жаран Англияга виза алууга жардам берем деген убадасы менен 39 миң рубль алганын айткан. Бирок убадасына турбастан из жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ак-Суу районунун Тепке айылынын 43 жаштагы тургуну Р.К. кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Ошондой эле кармалган жарандын дагы кошумча эки алдамчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.