Биз социалдык тармакта

"Садыр Жапаровдун катышуусунда". Астанадагы Манас баатырдын эстелиги расмий түрдө качан ачылары айтылды

Астанада кыргыз эпосунун баатыры Манастын эстелиги 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов маалымат жыйынында билдирди.

"Астанада айкөл Манастын эстелиги орнотулуп бүткөн. Бирок ачылуу аземи кийинки жылы биздин мамлекеттик башчыбыздын катышуусунда болот", - деп билдирди министр.

Белгилей кетсек, эстеликти орнотуу боюнча макулдашуу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча координациялык пландын алкагында жетишилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан