Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ӨКМнын Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-13-декабрь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу 55-110 чакырымы жана Каракол — Эңилчек унаа жолдорунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

"Урматтуу айдоочулар!
Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан