Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте турак жай кооперативдеринин биринин төрагасы кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдирди.

Маалыматка караганда, 2-декабрда милицияга Н.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси К.Т. аттуу жаран батир алууга көмөктөшүүнү убадалап, андан 1 миллион 620 миң сом алганын айткан. Бирок шектүү убадасына турбастан акчаны жеке муктаждыктарына коротуп, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган К.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан