"Жумушка орноштуруп берем". Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип аял киши кармалды

Ишке орноштуруу шылтоосу менен жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалганын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, милицияга жабырлануучу К.Г. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Арыз ээси 2022-жылы шектүү ишенимине кирип 1 000 000 сом акчасын жана Мерседес Бенц 210, Ауди С-4 үлгүсүндөгү унааларын алып, изин жашырып кеткенин айткан.

Мындан тышкары шектүү дагы бир Бишкек шаарынын тургунун алдаган. Ал жабырлануучудан жумушка орноштурам деген шылтоо менен 2023-жылдын март айында 140 000 сом алып, качып кеткен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иштерине шектүү катары Ысык-Көл облусунун тургуну К.Г. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда шектүү тарабынан жасалган 20дан ашык алдамчылык фактысы аныкталып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан